Толковый словарь кыргызского языка. 2015
бирөөгө (көбүнчө балага же өзүнөн кичүүлөргө карата) жакшы көргөндүгүн билдирип, жалынып-жалбаруу иретинде колдонулат. Балакетиңди алайын, өзүңдү жакшы алып, жылуу кийинип жүр («Ала-Тоо»). Балакетиңди алайын жылдызым, уктап жатса да кабагы жарык (Сыдыкбеков). Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө (көбүнчө балага, өзүнөн кичүүлерге) жалынып-жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонулат. - Балакетиңди алайын, оорукчан элең, - деп уулуна айтып тиги кемпир көзүнө жаш алды (Мидин). Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону (Жусупов). Балакетиңди алайын, ал сенин атаңды катуу кадырлайт (Тойбаев).